Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:01

Нарында 1066 уйдан бруцеллёз чыкты


Жаныбарларды көзөмөлдөө боюнча Нарын аймактык борборунун жетекчиси Жалил Алымкулов өткөн 10 ай аралыгында облустан 1066 уй бруцеллёз менен ооругандыгын, алардын арасынан 78 баш уй жоготула электигин билдирди. Ошол эле маалда быйыл Нарын облусу өлкөдө бруцеллёз дартына каршы эмдөө багытында пилоттук долбоорго киргендиктен, Дүйнөлүк Банктын көмөгү аркылуу 1 миллион 50 миң кой-эчки эмделди. Ал эми Нарын райондук санэпидемиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Алмамбет Ыбраев быйылкы жылдын 9 айында 356 адам бруцеллёз менен ооруп, бул көрсөткүч өткөн жыл деңгээлинен 10 учурга көп болгондугун билдирди. (KUs).

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG