Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Чехия Лиссабон келишимин жактырды


Чехиянын президенти Вацлав Клаус бүгүн өлкөнүн Конституциялык соту “Келишим мамлекеттин Баш мыйзамына каршы келбейт” деген бүтүмүн чыгаргандан кийин ага кол койду. Буга чейин Евробиримдиктин лидерлери Чехия Конституциялык сотунун бүтүмүн макташкан.

Чехия Евробиримдикке кирген 27 мамлекеттин ичинде Биримдиктин Конституциясынын өзгөрүлгөн вариантын (Лиссабон келишимин) колдой элек акыркы мамлекет эле.

Лиссабон келишими Евробиримдикте ири реформалардын болушун, мисалы, президенттин кызматын түзүүнү шарттайт, чечим кабыл алууну жеңилдетет. Европалык лидерлер бул документ быйыл жыл этегине чейин күчүнө кирет го деп үмүттөнүп турушканын билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG