Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:22

Караколдо сот уланат


Ысык-Көл облустук соту Балыкчы окуясына байланыштуу айыпталып жаткандардын арызын кароону бүгүн да улантып, алардын сот Болот Дүйшөмбиевге ишеним көрсөтпөө өтүнүчүн териштирүүгө алат. Кечээ сот айыпталуучулардын арызы боюнча алардын коомдук коргоочусу Топчубек Тургуналиевге кайрадан бул укугун кайтарып берди. Сентябрь айында болгон териштирүүлөрдүн биринде сот Болот Дүйшөмбиев Т. Тургуналиевди “мыйзамда жок” деген себеп менен коомдук коргоочулук кылуудан четтеткен эле.

23-июлдагы президенттик шайлоо күнү Балыкчы милициясы 19 кишини камакка алып, аларга “шайлоо өткөрүүгө тоскоол болгон, Конституцияга шек келтирген, баш-аламандык уюштурган” деген айып таккан. Кармалгандар президенттик шайлоонун мыйзамсыздык менен коштолуп өтүп жатканына нааразылыгын гана билдиришкенин айтып келишет.

23-июлдагы президенттик шайлоо өтө одоно мыйзам бузуулар менен өткөндүгүн эл аралык байкоочулар да билдиришкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG