Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:58

Серб өкмөтү Ратко Младичти кармоого үмүттөнөт


Белград согуш кылмыштары үчүн шектелген Ратко Младичти колго түшүрүү үчүн бар аракетин көрүүдө. Бул тууралуу Сербиянын Гаага трибуналы менен кызматташуу кеңешинин жетекчиси Расим Льяич билдирди. Жыл аягына чейин Радичти таап, камакка алууга үмүттөнөбүз, - деди Льяич. Билдирүү БУУнун согуш трибуналынын баш прокурору Серж Браммецтин Сербияга сапарын утурлай жасалды. Европа биримдиги өлкөнү шаркетке кабыл алуу үчүн шарт катары Младичтин кармалышын талап кылган. Бул аралыкта Гаагада Босниялык сербдердин мурдагы лидери Радован Каражичтин үстүнөн сот процесси жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG