Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:31

Караколдо сот жүрүүдө


Адвокат Азимбек Бекназаровдун Караколдон “Азаттыка” бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Балыкчы шаардык сотунун төрагасы Болот Дүйшөмбиевге ишеним көрсөтпөө боюнча чечимди облустук сот саат 15:00 чыгарары күтүлүүдө. Белгилүү болгондой 23-июлдагы Балыкчыдагы окуя боюнча Алмазбек Атамбаевдин 19 тарапкери кармалып, аларга Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө аракет жасаган, массалык баш-аламандык уюштурган деген айыптар коюлган. Ишти карап жаткан судья Болот Дүйшөмбиевге адвокаттар жана айыпталып жаткандар ишеним көрсөтпөй турганын билдиришкен.Алардын арызын Ысык-Көл облустук соту карап жатат. Оппозиция Балыкчыдагы сотту саясий куугунтук катары баалап келатат.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG