Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:48

Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштардын эмгектери көргөзүлөт


Бишкекте 7-8-ноябрь күндөрү мүмкүнчүлүгү чектелген жаштардын жана өспүрүмдөрдүн колунан жаралган эмгектердин жарманкеси болот. “Кыргызстандагы жаштардын корпорациясы” жана шаардык реабилитациялык борбор биргелешип өткөрүп жаткан жарманке-көргөзмө “Биз биргебиз, биз жакындабыз” деген долбоордун алкагында өткөрүлүп жатат. Анын максаты - мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга коомчулуктун көңүлүн бурдуруу жана алардын маселелери менен жакындан тааныштыруу. Бул тууралуу “Абелек” реабилитациялык борборунун өкүлү Мира Найзабекова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, иш-чаранын алкагында атайын сынак да өткөрүлөт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 120 миңге жакын мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар. Алардын болжол менен 30 пайызын жаштар түзөт. Бул майыптардын бир бөлүгү гана атайын мектеп интернаттарда окушат. Ал эми экинчи жарымы ата-энесинин колунда турат. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG