Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:47

Ө.Текебаев: Кыргызстанда орто кылымдагы непотизм орноодо


Кыргызстандагы акыркы кадрдык дайындоолор (Максим Бакиевдин жогорку кызматка келиши) Кыргызстанда непотизм же бийликти кандаштарына өткөрүп берүү орной баштагынан кабар берет, деп билдирди “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев. Анын айтымында, кыргыз бийлигинин сересинде тургандар андан да төмөн түшүп, эми үй-бүлөлүк кандаштардын ортосунда келишпестиктерге баруу алдында турушат.
Мамлекетке кызмат кылуудагы эң жогорку деңгээл патриотизм, андан ары регионализм, трайбализм болуп барып, аягында непотизм келет. Андан төмөнү алгачкы коомдогудай абалга келүү, деген Өмүрбек Текебаев бул бийлик непотизмге келип, андан да төмөнкү абалга карай баратканын кошумчалады.
Непотизм орто кылымдарда Римде пайда болуп, анда Рим папалары бийликти өз кандаштарына гана берүүгө өтүшкөн. (AiT)

XS
SM
MD
LG