Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:15

Билим берүүгө кеткен миллиондор эмне иш бүтүрдү?


“Ак жол” менен СДП фракциясы билим берүүнү өнүктүрүүгө берилген кредиттер менен гранттардын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматын укту.

Билим берүү тармагына келген гранттардын пайдалануусу тууралуу маалымат берген Билим берүү жана илим министринин орунбасары Үмүткан Тыналиева 2005-жылдан тартып аталган тармакка 47 миллиондон ашуун АКШ доллары чамасында гранттар келип, учурда буга байланыштуу долбоорлор ишке ашырылып жатканын билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө гранттар келип жатканы менен билим берүүнүн сапатынын төмөндөөсү, мектеп окуучуларынын арасында оорулардын өсүшү, окуучулардын сабакка катышпоо тенденциясынын күч алышы, мектептерде материалдык жабдылышынын төмөндүгү өтө курч турган көйгөйлөр болуп калууда.

«Ошондуктан 40,5 миллион долларлык 4 гранттык долбоор, окуу пландары менен программаларын, стандарттарын, окуу китептерин модернизациялоого, мугалимдердин адистигин жогорулатууга, жаш мугалимдер депозити системасын жакшыртууга багытталып, ишке ашырылып жатат», - дейт Үмүткан Тыналиева.

Парламент депутаты Жангороз Каныметов Билим тармагында буга чейин иштеген чиновниктердин гранттарды туура эмес пайдаланганынан улам, далай акчалар «кумга сиңген суудай болуп кеткен» деген сөз айтылып жүргөнүн белгиледи.

-Бүгүн Билим берүү министрлигинин алдындагы гранттар боюнча долбоорлор, эми «идеальный» деп айтканга болбойт. Бирок жакшы иштеп жатышат. Булардын баары материалдык жактан чоң жардамдарды берип жатышат. Мебелдерди алууга, китептерди чыгарууга көмөк көрсөтүүдө.

Жангороз Каниметов белгилегендей Билим берүү министрлигинин азыркы жетекчилиги реформанын жаңы багыттарын, мектеп мугалимдеринин баркын көтөрүүгө, билим берүүнүн деңгээлин натыйжалуу көтөргөнгө, жаңы технологияларды киргизүүгө аракет кылып, бүгүнкү талапка ылайык гранттардын эсебинен долбоорлорду жакшы иштетип жатат.

Парламенттин этика жана регламент боюнча комитеттин төрагасынын орун басары, депутат Динара Молдошева гранттарды пайдаланууда Билим берүү тармагында кемчиликтер орун алганын, алардын пайдаланышына катуу көзөмөл жүргүзүү зарылдыгын
айтты.

-Жарандык коом, парламент тарабынан сөсүз түрдө Байкоочу Кеңеш болушу керек. Бул жерде тилекке каршы, бир топ гранттарды ишке ашырып жатканда жанагыдай байкоочу кеңештер түзүлбөптүр. Эгерде байкоочу кеңеш түзүлбөсө анда бул жерде коррупция жана башкалар болушу мүмкүн. Эсептөө палатасынын справкасында, билим берүү тармагына берилген гранттар башка иштерге жумшалып кетиптир. Мисалы, окуу китептерине жумшалуучу каражатты булар чет өлкөгө барууга жумшап коюшуптур.

Анын айтымында, жеке эле Билим берүү жана илим министрлиги эле эмес, Транспорт, Айыл чарба, Саламаттык сактоо министрликтеринен грант боюнча тендер өткөрүүнү таптакыр алып салыш керек.

-Мен ойлойм, бул кошумча пайда көрүүчү, «жем таштаган аштоо» болуп жатат. Коррупциялык «кормушка».

Экономика илимдеринин доктору, эксперт Айылчы Сарыбаев Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Билим берүү тармагынан башка, бардык тармактарга гранттар берилип келгенин, бирок алардын пайдасын «бир ууч чиновниктер» көбүрөөк көрүшкөнүн белгиледи.

-Грант келип жаткан донорлор менен кээ бир коррупциялашып ктекен чиновниктер келишип алышып, өзгөчө мурдагы чиновниктер. Чоң-чоң кызматтада иштеп, анан ордунан түшкөндө эле долбоорлор менен иштешип, келген гранттарды тосуп алышып, чын эле социалдык-экономикалык, маданият, билим тармагынын өнүгүүсүнө жумшабай ар кандай формадагы жалган отчетторду берип, бүттү-бүттү кылып келишкен. Дагы эле ошондой процесс жүрүп жатат.

Айрым талдоочулар Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери канча суммадагы грант алганы тууралуу элге ачык, так маалымат берилбегендигин, гранттын эсебинен айрым «чиновниктер байыганын» белгилешип, анын натыйжалуу ишке ашырылып жатканы жөнүндө укук коргоо органдары жарандык уюмдардын өкүлдөрү менен биргелешип тыкат иликтөө жүргүзүүсү зарыл деп эсептешет.

Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, республика боюнча билим берүү тармагына Дүйнөлүк банк, Азия Өнүктүрүү банкы (АӨБ), Жакырчылыкты жоюу боюнча Жапон корунун линиялары боюнча 40,5 миллион АКШ долларлык 4 гранттык долбоор ишке ашырылууда.

Окуу пландарын, стандарттарын, программаларын, китептерди модернизациялоого 2005-жылдан тартып АӨБ тарабынан 17.8 млн доллар чыгымдалган. Ал эми пландаштырылган 12 миң мугалимдин 2 миңи кесиптик окутуудан өткөн.

“Айылдык билим берүү” долбоорунун каражаттарынын эсебинен акыркы жылдарда миллиондон ашуун окуу китептери жана окуу пособиелери басылып, жер-жерлерге жеткирилген. 2010-жылга аталган долбоордун алкагында 10 окуу китебин нускалоого 650 миң доллар бөлүү пландаштырылууда.

XS
SM
MD
LG