Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:24

Поюзду коштогон коркунучтуу тумоо


Жугуштуу оорулардын республикалык клиникалык ооруканасында ушу тапта A/H1N1 вирусун жуктуруп алган 7 бейтап дарыланууда.

Чочко тумоосуна Москвадан Кыргызстанга поюз менен келаткан эмгек мигранттары чалдыгышкан. Дарыгерлердин айтуусунда, алар 4-5 күн ичинде сакайып үйлөрүнө кайтышы мүмкүн.

Жугуштуу оорулар боюнча республикалык клиникалык оорукананын башкы дарыгери Нарынбек Айткулуевдин ырасташынча, Москва-Бишкек каттамындагы поюзда келаткан 10 жүргүнчүдөн 2-ноябрда Кайыңды бекетиндеги текшерүүдө оорунун шек-шыбаасы билинген. Температурасы көтөрүлүп, өздөрүн начар сезген бейтаптардын баары Бишкектеги жугуштуу оорулар боюнча республикалык клиникалык ооруканага жеткирилген.

- Бүгүнкү күндө ошол ооруп келген 10 жараныбыздын жетөөндө пандемиялык A/H1N1 оорусунун диагнозу аныкталды. Бул атайын полимераздык чынжыр реакциясы деп коет, бул мезгил талабына жооп бере турган изилдөө, ошондо вирустун RNкасы табылып диагнозу коюлду. Экөөндө сезондук грипп, бирөөндө эч кандай оору жок болуп чыкты. Ошону менен бүгүнкү күндө 7 оорунун диагнозу тастыкталды. Ахывалдары, төртөөнүн температурасы бүгүнкү күндө нормада. Өздөрүнүн сезүүсү жакшы, жаман эмес. Үчөөнүкү бираз температурасы бар. 37,5 – 38ге чейин.

Оорукананын үч палатасына жаткырылган бейтаптарга тийиштүү медициналык кызматкерлерден башка бир да жан киргизилбейт экен. Бейтаптардын жакындарына да жолугушууга уруксат жок. Чочко тумоосун жуктуруп алгандарга “Тамифлю” же “Озелтомер” дарысы берилүүдө. Ушу тапта Кыргызстанда 8 миң адамга жетерлик дары топтолгон. Ал дары тумоонун жеңил же өтө күчөп кете элек бейтаптарга берилбейт.

- Ошого байланыштуу ушул жети оорунун бирөөнө гана бердик. Себеби дегенде, анын ахывалы орточо оордукта. Калгандары жеңилирээк деп аларга берген жокпуз. Симптоматикалык дарылоо деп коебуз. “Антигриппин”, “Парацетомол”, анан суюктукту көбүрөөк ичип, кыймылдабай 5 сутка жатса ошондо организмдин өзүндө иммунитет иштелип чыгып, айыгып кетет,- деп айтты Нарынбек Айткулуев.

Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орунбасары Сабыржан Абдыкеримов жугуштуу ылаңдар бул жерде да жайыла баштаганын, Москвадан келаткан эмгек мигранттарынын арасынан 7 адамдын чочко тумоосуна чалдыгышы анын алгачкы мисалы экенин ырастады.

- Бүгүнкү күндө эң коркунучтуусу эле жанагы чочко тумоосу болууда. Башкасынын баарына көзөмөл жүргүзүп жатабыз. Мындайча айтканда, Саламаттык сактоо министрлигинин көзөмөлүндө.

С.Абдыкеримов жетиштүү дары-дармек бардыгын, дагы 30 миң кишиге жетерлик дары алуу боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдады. Аны менен кошо күн сууган чакта күчөп кетчү сасык тумоого каршы эмдөө иштери жүрүүдө.

- Мындан тышкары биз 8 өлкөнүн бири болуп эсептелебиз. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өнүгүп бараткан өлкөгө жардам берүү, чочко тумоосуна каршы күрөшүү үчүн атайын вакциналарды берет. Ошону биз ноябрдын аягы, декабрдын башында алабыз деп турабыз.

Адистердин айтуусунда, чочко тумоосунун кадимки сасык тумоодон анчалык деле айырмасы жок. А бирок жаңы вирус чочко тумоосу, куш ылаңынын кошулмасынан чыккан коркунучтуу дарт. Анын үстүнө адамда жаңы вируска каршы тура алчу иммунитет иштелип чыга элек.

Нарынбек Айткулуев Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери келерки эки жылда бул тумоого жер шарында 2 миллиарддан ашуун адам ооруп калышы мүмкүн экендигин болжолдоп отурушканын билдирди.

Ушу тапта өнүккөн өлкөлөрдө A/H1N1 вирусуна каршы вакцина иштелип чыгып сынактан өтүүдө. Эгер алар ийгиликтүү чыгып калса адамзатка коркунуч туудуруп жаткан кошулма вируска каршы туруунун аргасы табылып калышы деле ыктымал.

Кыргызстанда буга чейин чочко тумоосун 4 киши жуктуруп алганы катталган.

Өлкөдө чочко тумоосу менен он адам катталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:59 0:00

XS
SM
MD
LG