Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

Ысык-Көл облустук соту Балыкчы окуясы боюнча айыпталгандардын арызын канааттандырган жок


Бул тууралуу Караколдон Азимбек Бекназаров билдирди. Белгилүү болгондой Балыкчы окуясы боюнча айыпталгандар жана алардын адвокаттары ишти карап жаткан Балыкчы шаардык сотунун төрагасы Болот Дүйшөмбиевге ишеним көрсөтпөй турганын билдиришкен. Арызды Ысык-Көл облустук соту бүгүн карап, канааттандырган жок. Адвокаттар Ысык-Көл облустук сотунун чечимин жокко чыгаруу үчүн Жогорку Сотко арыз менен ошол жерден эле кайрылышканын, Азимбек Бекназаров белгиледи.
23-июлдагы Балыкчыдагы окуя боюнча Алмазбек Атамбаевдин 19 тарапкери кармалып, аларга Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө аракет жасаган, массалык баш-аламандык уюштурган деген айыптар коюлган. Оппозиция Балыкчыдагы сотту саясий куугунтук катары баалап келатат.(AiT)

XS
SM
MD
LG