Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:52

Кубаныч Жолдошев коомчулукка кайрылды


Белгисиз бирөөлөрдүн колунан токмок жеген журналист кайрылуусунда ИИМдин басма сөз кызматы тарабынан таратылган маалымат атайылап туура эмес таратылган деп билдирген.”ИИМдин маалыматында мени мас абалда болгон деп жазылыптыр, мен досторум менен бир аз ичкем, бирок мас эмес болчумун. Ошондой эле милициянын маалыматында мен түшүп келе жаткан автомашинаны МАИ кызматкерлери токтоткон соң, айдоочуну жок жерден “массың” деп айыптап, орой мамиле жасап, мага да күч көрсөтүп, автоматтын кундагы менен желкемден басканы тууралуу эч кандай сөз жок. Ошондуктан, милиция коомчулукка атайын туура эмес маалымат тараткан деп эсептейм”, деп белгилейт журналист К. Жолдошев. Ошондой эле кайрылууда аны сабап кеткен белгисиз бирөөлөр жанындагы акчасына, чөнтөк телефонуна же кийимдерине тийбегени тууралуу да ИИМдин маалыматында айтылбагандыгы белгиленген.

ИИМдин басма сөз кызматы журналисттин кайрылуусу боюнча эч кандай маалымат бере элек.

К. Жолдошевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча абалы кыйла дурустап калды.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG