Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:13

“Жылан” гезитинин баш редактору киши колдуу болду


Ички иштер министрлигинин маалымдоосуна караганда, 4-ноябрда Бишкек милициясына Ден-Сяопин көчөсүндөгү №129 үйдө өлүк жатканы кабарланган. Милиция кызматкерлери текшерүүдө ал сөөк “Жылан” гезитинин башкы редактору Сейитбек Мураталиев экени аныкталган. Анын денесинин 13 жерине сайылган, кесилген жаракаттар болгон. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. Издөө иштеринин натыйжасында кечээ кечинде 1982-жылы туулган А.Т. аттуу аял кармалды. Анын айтымында, өлтүрүлгөн С. Мураталиев анын күйөөсү 1973-жылы туулган А. Э. менен жаңжалдашып, анын натыйжасында А.Э. абакка түшкөн. Аны абактан бошотуу боюнча арыз жазып берүүгө макулдугун берген С. Мураталиев, үйгө келген. Үйдө А.Т.нын кекиртегине бычак такап, аны зордуктаган. Кордукка чыдабаган А.Т. аны бычактап салган.

ИИМдин бул маалыматын башка көз карандысыз булактардан тастыктоого азырынча мүмкүнчүлүк болгон жок.

"Азаттыктын" кабарчысы бул окуяны иликтеп баштаган учурда аталган жерде Сейит Мураталиевге тиешелүү автоунаа оңдоочу жай жана бир канча майда цехтер болгону, аларды башка кишилер ижарага алып иштетип жүргөнү белгилүү болду. Сейит Мураталиев өзү ошол жердеги бир бөлмөнү жашаганга ыңгайлаштырып алган экен.

Бул жерге жакын турган бир дүкөндүн аты-жөнүн атагысы келбеген сатуучусу Сейит Мураталиев ишкерлик менен алектенгенин, бирок гезит чыгарганынан кабары жоктугун айтып, маркум колунда бар киши болгонун, эки күн мурда эле эки чоң автобус сатып алганын, ичимдик ичкенин жана жаман адаттарын байкабаганын "Азаттыкка" билдирип, ИИМдин жогорудагыдай ал бирөөнү зордуктаган деген маалыматына ишене бербестигин айтты. "Азаттыктын" кабарчысы окуянын чоо-жайын иликтөөдө.

XS
SM
MD
LG