Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:04

Петровкадагы сотто жаңжал чыкты


“Жашылдар” партиясынын камактагы лидери Эркин Булекбаевдин коомдук коргоочусу Наргиза Абдылдаеванын “Азаттыка” билдирүүсүнө караганда, бүгүн Петровка айылында жүрүп жаткан сотто милиция кызматкери Назаров мурунку көрсөтмөсүнөн баш тартып, Эркин Бүлекбаев, Сапар Аргымбаев жана Уран Рыскуловду апрель айындагы баш-аламандыкка тиешеси бар деген көрсөтмө берди. Адвокттар жана айыпталып жаткандар милиция кызматкери мындай көрсөтмөнү сыртта турган УКМКнын райондук бөлүмүнүн башчысынын кысымы астында берип жатканын билдирип, УКМКнын өкүлүн сот жүрүп жаткан жерден кетүүсүн талап кылган. Өз кезегинде атайын кызматтын өкүлү коомдук тартипти камсыз кылуу максатында ал жерде турганын билдирген. Айыпталуучулар күбө катары көрсөтмө берип жаткан Назаровго каршы суроолорду берип, анын натыйжасында сот залында ызы-чуу чыккан. Судья айыпталуучу Сапар Аргымбаевди сот залынан чыгаруу чечимин чыгарган. Соттук териштирүү түштөн кийин уланат. Эгерде Аргымбаевдин сотко катышуусуна мүмкүнчүлүк берилбесе, анда Э.Бүлекбаев да, У.Рыскулов да сотко катышуудан баш тартаарын билдирүүдө.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG