Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:19

Адистер чочко тумоосунан сактануу жолдорун түшүндүрүүдө


Эпидемиолог Динагүл Оторбаеванын билдиришинче, азыр суук түшө баштагандыктан дүйнө жүзүндө чочко тумоосунун экинчи айлампасы башталды. Бул учурда оорудан оолак болуу үчүн киши көп чогулган жайларда бет кап кийип, колду бат-бат самын менен жууп, үйдү тез арада жууп-тазалап туруу керек. Эгер адам кадикми сасык тумоого чалдыгып калса, өз алдынча дарыланбай дарыгердин көзөмөлүндө болуусу зарыл. Адистин айтымында, бул оору өзгөчө медицина кызматкерлерине, өпкө, жүрөк оорулары барларга, кары адамдарга, кош бойлуу аялдарга жана иммунитети начар адамдарга кооптуу. Акыркы маалыматтарга караганда, Кыргызстанда чочко тумоосуна чалдыккандардын саны 17ге жетти. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG