Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

Үй-жайсыз селсаяктарды кабыл алчу жайлар ачылат


Мэриянын коомчулук менен байланыш башкармалыгынан билдиришкендей, мындай токтомго шаар башчысы Нариман Түлеев кол койду. Борборубуздун ар бир районунда ачыла турган убактылуу жашоочу жайларда күнүнө бир жолудан ысык тамак уюштурулуп турат. Мындан тышкары үй-жайсыз жарандар менен катар эле баңгилерге, аракка берилгендерге, түрмөдө олтуруп чыккандарга жана кургак учук менен ооругандарга медициналык тейлөө көрсөтүүнү камсыздоо каралган. Кышка карата үйсүз селсаяктарды кабыл алчу жайлар 15-ноябрдан баштап, 31-мартка чейин иштешет.(AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG