Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Кур дымактын куралы


Нью-Йорк -- МАГАТЭнин директору Мохаммад ал-Барадей дүйнөнү апаат куралдардан арылтуу идеясын реалдуу иш деп эсептейт.
Нью-Йорк -- МАГАТЭнин директору Мохаммад ал-Барадей дүйнөнү апаат куралдардан арылтуу идеясын реалдуу иш деп эсептейт.

Мохаммед ал-Барадей атом программасы Иранга "айбарлуу мамлекет атаныш" үчүн керек,ал эми дүйнөнү апааттуу куралдардан арылтуу идеясы реалдуу иш деп эсептейт.

Эл аралык маселелер боюнча Нью-Йорк кеңешиндеги талкууда МАГАТЭнин азыркы директору Мохаммад ал-Барадей баарыдан мурда Иранга байланыштуу бир нече кеңеш айтты.

Алды менен Иран атом куралын түзгөнү жатканын ырастаган конкреттүү эч кандай далил жоктугун эске салды. Тегеран бомбанын өзүнө эмес, тек гана "атом милитаризмине" байланышкан изилдөөлөрдү жүргүзүп жатат.

"Ирандын программасы - атомдук өмгөккө салып өзүн аймактагы айбарлуу мамлекет катары тааныткысы келген аракет, - деп айтты ал-Барадей. - Менин көз карашымда, ирандыктар атом чөйрөсүндөгү илимий жетишкендиктер өлкөгө аброй алып берет деп эсептешет. Алар ушуга жеткиси келет".

Иран жашырын изилдөөлөрү менен Батышты кооптонтуп жатканын ал-Барадей танган жок. Ошол эле учурда Батыш менен бу өлкөнүн жарым кылымдан бери басташып келаткан мамилесин жаңы нукка буруунун өтө сейрек учурай турган удулу келип турганын да баса көрсөттү. "Азыр эки тараптын тең атом проблемасынан тышкары ортодогу бардык маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулаганга ыкыласы байкалып турат", - деп айтты МАГАТЭнин директору. Муну тараптар кандай пайдаланат – кеп ушунда калды.

Мохаммад ал-Барадейдин баамында, Иран жалпы Жакынкы Чыгышта, Ооганстанда, Иракта, Сирия менен Ливанда, палестин аймактарында баракатчылыкка жетүүнүн дарбазасы, ошол эле учурда региондо кырдаалды курчуткан башкы булак да болуп кала алат. Тегеран ушул эки мүмкүнчүлүктүн кайсынысын тандап алары көп жагынан тышкы факторлорго жараша болот. "Иран АКШнын технологиясына муктаж, аны менен соода-сатыкка кызыкдар", - деп ишендирди ал-Барадей.

Ирандын атом ишканаларын бомбалап,проблеманы биротоло чечип салса болот деген көз караштарга ал-Барадей караманча кошулган жок. Бул кадам Ирандын программасын ашып барса эки жылдай кечеңдетет. Бирок мындай учурда бүткүл Жакынкы Чыгыш "тозоктун отуна" айланат.

Анан калса "баары бир билимди бомбалап сала албайсыңар да", - деп эскертти ал-Барадей. Ирандыктарда билим бар, технология бар, андыктан алар атом бомбасын жасоону каалабаган күндө да башына күн түшкөндө ушул багытта иштерди ыкчамдатканга аргасыз болушат. Анын үстүнө муну болгондо да дал ушул эле АКШда, өзгөчө Лос-Анжелесте жашаган бир миллиондон ашуун ирандыктардын көмөгү менен жасашат. "Анткени режимди жек көрүү – бир маселе, ал эми өз жерин, өз элин сүйүү – башка маселе",- деп айтты ал-Барадей.

МАГАТЭнин директору буга чейин деле орток пикир табуунун мүмкүнчүлүгү болгонун ырастады, анын колдон чыгып кеткени үчүн АКШнын мурдагы администрациясын күнөөлөдү.

Жалпы эле дүйнөдө бул чөйрөдө кеңири таралган түшүнүктөргө токтолуп, "кансыз согуш" капкачан аяктаса да өз коопсуздугун коргоонун жападан-жалгыз аргасын көп мамлекеттер жалаң ядролук куралдан көрүп жатканын, болгондо да анын өнүккөн өлкөлөрдө болушун эрөөн-терөөн санабай, башкаларга таптакыр тыюу салган эрежени ал-Барадей түк түшүнө албайм деп таң калды.

Жер бетин апааттуу куралдардын бардык түрүнөн, биринчи кезекте атом бомбасынан арылтуу тууралуу Обаманын идеясына ал-Барадей кыялый тилек катары карабайт, реалдуу иш деп ишенет. Бул жагынан алгачкы олуттуу кадамды ядролук арсеналдарын кыскартып, анын бардык түрүнө жапырт тыюу салууну көздөп жатышкан АКШ менен Россиянын демилгесинен көрөт жана бардык өлкөлөрдү алардын өрнөгүн колдоого чакырат.

Ушул айдын этегинде ал-Барадей МАГАТЭнин башкы директорлугунан кетет. Бул кызматта ал 25 жылдай иштеди. Былтыр Нобелдин тынчтык сыйлыгына арзыды.

XS
SM
MD
LG