Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:08

Радован Каражичке адвокат дайындалды


Босниялык сербдердин иши Гаагадагы трибуналда каралып жаткан мурдагы жолбашчысына адвокат сот тарабынан мажбурлоо жолу менен дайындалды. Ал эми сот жараянынын өзү адвокатка иш менен таанышууга мүмкүндүк берүү үчүн келерки жылдын мартына чейин токтотулду.

Каражичке адвокатты мажбурлап берүү жөнүндөгү чечим ал өзүн -өзү коргоорун жана жараянга даярдануу үчүн кошумча убакытка муктаж экенин жүйөө кылып, трибуналдын отурумун бойкоттогонуна байланыштуу кабыл алынды. Караджич Боснияда 1990-жылдардагы согуш учурунда геноцид жүргүзгөнү жана башка кылмыштары үчүн айыпталууда. Адвокат болгон кезде сот жараяны айыпкер жараянды бойкоттогон учурда да улана алат.

XS
SM
MD
LG