Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:53

Зыяратчылардын 1-агымы Мекеге жөнөп кетти


Исламда талап кылынган төрт парздын бири - Мекеге зыярат кылуучулардын 150 кишиден турган биринчи агымы кечээ Ош аэропортунан жөнөп кетишти. Калганы 8-ноябрда “Манас” аэропортунан учушат. Ажылыкка барчуларды жеткирүүнү мойнуна алган “Кыргызтрансавиа” аба компаниясынын жетекчиси Таалайбек Океновдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча зыяратчылар Сауд Аравиясына түз учушат.

Мурдагы жылдары ажылыкка баргандар Түркия аркылуу же автобус менен барышчу. 2007-жылы кыргызстандык зыяратчылар түшкөн автобус кырсыктап, андан 21 киши набыт болгон.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG