Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

Чочко тумоосуна шектелген адамдар Кайыңдыда дарыланышат


Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Зуридин Нурматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда бул иш-чара чочко тумоосунун жайылып кетүү коркунучунун алдын алуу максатында уюштурулду. Кайыңдыдагы райондук оорукананын бир бөлүгү атайын чочко тумоосуна шектелгендер үчүн бөлүнүп, ал жерге бардык тиешелүү медициналык каражаттар жеткирилген. Мындан ары Орусиядан келген поезддерди текшерүү учурунда коркунучтуу илдетке шектелген адамдар ошол ооруканадан толук текшерүүдөн өтүп, дарылана алышат.

КР саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда чочко тумоосун жуктуруп алгандардын саны 17ге жетти. Алардын ондон ашууну Орусиядан кайтып келген мигранттар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG