Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:48

Президент басма сөз кызматкерлерин куттуктады


Өлкө башчысынын кутуктоосунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү мамлекеттин жана коомдун өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошуп келатканы белгиленет. Ошондой эле учурда Кыргызстанда 900дөн ашуун басылма катталганы айтылып, “бул биздин басма сөздүн улам көп түрдөнүп, ой-пикирлердин плюрализмине бардык жагдайлар түзүлүп жатканын күбөлөйт”,-деген куттуктоодо.

“Бардык мезгилдерде эле басма сөз адамдардын жүрөгүнө жана аң-сезимине олуттуу таасир этип келген. Ошону менен катар үчүн сөз кандай гана кубаттуу делген курал-жарактан да бутага таамай тийери маалым. Биз өзүнө жүктөлгөн социалдык милдетин ар-намыстуулук менен аткарып, сөздүн, коомдун, өз абийиринин алдындагы зор жоопкерчилигин дайыма көңүл борборуна уялатып келаткан калем чеберлерине ыраазыбыз”,-деген К.Бакиев.

Журналисттер бирикмесинин маалыматына караганда, бийликтин ар кандай кысымдардан улам ондон ашуун журналисттер чет өлкөлөргө саясий баш паанек сурап чыгып кетишкен. Бир катар журналисттерди сабап кетүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгону менен алардын бети ачылган эмес. (AJ)

XS
SM
MD
LG