Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:08

К.Бакиев:Жаңы өкмөт сапаттуу кызмат көрсөтүүгө тийиш


“Биз өкмөттү жаңы негизде түзүп чыктык, эми ал абдан мобилдүү болуп калды. Азыркы өкмөт элге кызмат кылып, сапаттуу кызмат көрсөтүүгө тийиш”,-деп билдирди бүгүн парламентте президент Курманбек Бакиев өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн Жогорку Кеңеште ант берүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө.

Мамлекет башчысы өкмөттүн жаңы мүчөлөрүн өлкөнүн Баш мыйзамынын талабына ылайык ант бериши менен куттуктап, жооптуу жана түйшүктүү иштин байсалдуу болушун каалады.

К.Бакиев өкмөткө башкаруу системасында жетиштүү тажрыйбасы бар адамдар киргенин айтып, министрликтердин жана ведомстволордун иштеп жаткан жетекчилерине мурда коюлган милдеттерди аягына чыгуусуна мүмкүндүк берүү ниети менен мурдагы өкмөттүн курамын атайын эле түп-тамырынан өзгөртпөгөндүгүн белгиледи. Ошону менен катар алардын ишинде айрым кемчиликтер бар экендигине токтолуп, алардын оңдолооруна ишенимин жолдоду.

Мындан тышкары жаңы өкмөттүн негизги милдеттери- бизнеске, маданий жана коомдук өнүгүшүкө жагдай түзүү зарылдыгын айтты.
Президент аткаруу бийлиги менен үзүрлүү иштешип жаткан Жогорку Кеңешке да ыраазылыгын жолдоп, бийлик бутактары ортосунда жаратманчыл алака-катыш мындан ары да улана бергени маанилүү экендигин белгиледи. Бул тууралуу президентинин катчылыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG