Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:40

Балдар үйүнө жылыга миңден ашуун бала кабыл алынат


Бул тууралуу Эмгек, ишке орношуу жана миграция министрлигинин алдындагы балдарды коргоо боюнча департаментинин директору Толкун Бекбулатова тегерек үстөл жыйынында билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын балдар үйүндө 3,5 миң балдар тарбияланып, ал жерге жылыга бир миңден ашуун балдар кабыл алынат. “Балдар үйүнөн тарбияланып чыккан балдардын 25 пайызынын тагдырына бир дагы мамлекеттик орган маани бербейт. Тарбияланып чыккандардын турак жай маселесин чечүүнү мамлекет колго алышы керек”,-дейт Бекбулатова. Ал ошондой эле балдар үйүнөн тарбияланып чыккандан кийин, өспүрүмдөр кайда барарын билишпей, кылмыш чөйрөсүнө жана сойкулукка аралашып кеткенин кошумчалады. (AJ)

XS
SM
MD
LG