Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:16

Жогорку Кеңеште тогуз комитет түзүлдү


Бүгүн парламенттин отурумунда «Жогорку Кеңештин түзүмү жөнүндө» токтомдун долбоору каралды. Анда парламеттин аппаратынын штаттык саны жөнүндө токтомдун долбоору кабыл алынды. Кыскартуулардын негизинде мамлекеттик бюджеттен 36 млн. сом үнөмдөлүүгө тийиш экендиги белгиленди.

Ал эми Жогорку Кеңештин 12 комитети 9 комитетке чейин кыскартылып, Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети, Бюджет жана финансы маселелери боюнча комитети, Экономиканын тармактарын өнүктүрүү боюнча, Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча, Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча, Агрардык саясат, аймактык өнүгүү жана экология боюнча, Билим берүү, илим жана дене-тарбия боюнча, Социалдык саясат боюнча, Этика жана регламент боюнча комитеттери түзүлдү.

Коммунисттер фракциясынын лидери Искак Масалиев парламенттин аппаратынан 200 кызматкердин бошотулушунан парламент 36 млн. сом үнөмдөп каларын айтты. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG