Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:20

Ө. Текебаев Бишкек прокурорунан эскертүү алды


“Ата-Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев бүгүн Бишкек шаардык прокуратурага чакыртылып шаар прокурору Анарбек Калматовдон эскертүү алды. Эскертүүдө Ө. Текебаевдин centrasia.ru сайтына жарыялаган макаласында “президент мамлекеттик бийликти менчиктештирип жатат” деп айыптоо менен өлкө башчысынын кадыр-баркына шек келтиргени айтылган. Муну менен Кыргызстандын Баш мыйзамын жана президенттин ишмердүүлүгү тууралуу мыйзамдарды бузганы белгиленген. Эгерде дагы ушундай пикирлерди айтса жоопко тартыларын эскерткен. “Ата Мекен” партиясы шаар прокурорунун мындай аракеттерин оппозицияны куугунтуктоонун кезектеги толкуну катары сыпаттап жатат. Шаар прокуратурасы бул боюнча расмий билдире элек. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG