Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

Өзбекстан Филиппин, Түштүк Африка менен ири келишимдерге кол койду


Мамлекеттик ӨзбекНефтеГаз Малайзиянын Петронасы жана Түштүк Африкалык Сасол менен синтетикалык суюк отун чыгаруучу биргелешкен ишкана түзүү үчүн эки жарым миллард доллар сарптоого макулдашты. ӨзбекНефтеГаз билдиргендей, үч фирма ишкананын акцияларына теңме-тең ээлик кылышат. Өнөр жай жараянын Сасол уюштурмакчы. Өзбекстандын ири газ кендери бар, бирок анын көбүн ички базарда арзан сатат. Жаңы ишкана ишке киргенден кийин жылыга 1,3 миллион тонна абаны булгабай турган дизел өндүрмөкчү.

XS
SM
MD
LG