Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

Өндүрүш Токтоназаровду УКМКга чакыртып жатышат


Бул туурасында ал “Азаттыкка” билдирди. Өндүрүш Токтоназаров 9-ноябрда Бишкекте саясий куугунтуктарды токтотуу жана “Азаттык” радиосунун эфирге эркин чыгуусуна мүмкүнчүлүк берүү талабы менен акцияга чыкмак. Бүгүн аны үйүнө өзү жокто милиция кызматкерлери издеп келишкен. Ошондой эле ага өзүн УКМКнын райондук бөлүмүнүн кызматкеримин деп тааныштырган Жаныш аттуу киши жана Сокулук районунун укук коргоо кызматкери Самүдүн Калыковмун деген адам телефон чалып, “акция туурасында сүйлөшөбүз. Эмне үчүн чыкканы жатасыз? Бир жерден жолугуп, тууганча сүйлөшөлү” деп кайрылышкан. Өндүрүш Токтоназаров аларга “акция баштала элек. Ошол күнү келгиле ошондо сүйлөшөлү” деп жооп берген. Укук коргоочу акция өткөрүүгө Бишкек мэриясы уруксатын бергендигин белгилеп, ал баштала электе эле милиция кызматкерлеринин үйүнө чейин келип тынчын алып жатышын моралдык жактан басынтуу катары баалайт.

Ал эми укук коргоо кызматкеримин деген Самүдүн Калыковдун өзү менен байланышканга мүмкүнчүлүк болбой жатат. Ал укук коргоочуга өзүнүн эмес, башка бирөөнүн телефону аркылуу чыкканы маалым болду. (AzK)

XS
SM
MD
LG