Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:05

“Кылым шамы” репрессия курмандыктарын эскерди


Укук коргоочу Азиза Абдырасулованын “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн алар “Ата-Бейитке” барып, 1937-38-жылдары 5-7-8-ноябрда атылып кеткен Кыргызстандын алдыңкы инсандарынын арбактарына таазим кылышты. Укук коргоочу бул иш чара бүгүнкү күндө Кыргызстанда адам укуктарынын бузулушу кайталанбасын, жарандардын жашоого болгон укугу сакталсын деген максатта уюштурулганын белгилейт. “Акыркы мезгилде өлүм жазасын кайтарып келүү демилгеси көтөрүлүп жатат. Ошол өлүм жазасына тартылган күнөөсү жок жарандарыбыз “Ата-Бейитте” жатат. Биз коомчулукту мындай чечимге барардан мурун тарыхка кылчайып коюууга чакырабыз”, -деди Азиза Абдырасулова.

7-8-ноябрь расмий болбосо да, репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү деп, укук коргоочулар арасында белгиленип келет. (AzK)

XS
SM
MD
LG