Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:39

AКШ дипломаты Обаманын Орусия саясатын коргоп чыкты


АКШнын Мамлекеттик катчынын жардамчысы Филип Гордон президенттин Орусияга карата саясатын колдоп, «АКШ Москва менен алакасы үчүн Чыгыш Европадагы союдаштарын садага чапты» деген кинени четке какты.

Вашингтондо жума күнү Европада иштеген журналисттер менен жолугушканда Гордон АКШ Орусияга прагматикалык мамиле кылат деп ишендирди:

– Биз Орусия менен кээ бир маселелерде талашсак да, жалпысынан азыркыдан жылуу жана конструктивдүү мамиледе болушубуз керек. Биздин окшош кызыкчылыктарыбыз бар, биз аларды ишка ашырышыбыз керек. Ортодогу пикир келишпөөчүлүктөрдөн улам биз мамилебизди бузбай, бирге иштөө дареметибизди жокко чыгарбашыбыз керек.

XS
SM
MD
LG