Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:11

Түркия Судан президентин камабайт


Эл аралык сот Судандын Дарфур провинциясындагы аскерий кылмыштарга тиешеси бар деген шек менен камоого буйрук чыгарган президент Омар Хасан аль-Башир Стамбулга Ислам конференциясы уюмунун саммитине катышуу үчүн келиши керек. Буга байланыштуу Евробиримдик Түркияга нааразылык нотасын жолдоду. Алар Анкарадан Судан президентин Стамбулга чакыруу боюнча чечимди өзгөртүүнү талап кылышты. Түрк бийликтери муну жасоодон баш тартышты. Алардын ырастоосунда, ал-Башир Түркияга өкмөттүн чакыруусу менен эмес, Ислам конференциясы уюмуна мүчө өлкөнүн өкүлү катары келе жатат. 57 өлкө мүчө Ислам конференциясы уюмунун дүйшөмбүдө ачылып жаткан саммитинде негизги көңүл экономикалык, анын ичинде өз-ара сооданы өнүктүрүүгө, жакырчылыкка каршы күрөшүү чараларына бурулаары күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG