Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

АКШда Өкүлдөр палатасы медициналык реформа боюнча мыйзамды жактырды


Президент Барак Обама тарабынан сунуш кылынган мыйзам ишемби күнү колго салынганда Өкүлдөр палатасынан добуштардын кичине гана артыкчылыгы менен өттү. Башкача айтканда документти конгрессмендердин 220сы колдоду, 215и каршы чыкты. Колдогондор негизинен Демократиялык партиянын, ал эми каршы чыккандар Республикалык партиянын өкүлдөрү. Эми мыйзам Конгресстин жогорку палатасы – Сенат өз алдынча даярдаган мыйзам менен бириктирилип, жоболору макулдашылуусу керек. Андан соң президенттин кол коюлуусуна берилет.

Саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө акыркы 40 жыл ичинде жасалып жаткан бул эң ири реформа АКШда өтө эле кымбат медициналык кызматтын наркын төмөндөтүү жана буга чейин медициналык камсыздандыруусу жок болгон 36 миллиондой америкалыкка ошондой камсыздандырууну алуу мүмкүнчүлгүн тартуулоону көздөйт. Президен Барак Обама саламаттыкты сактоо системасын реформалоону ички саясаттагы негизги максаты катары белгилеген.

XS
SM
MD
LG