Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:02

Жогорку кеңеш өлүм жазасы маселесин карайт


9-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык жана парламенттер аралык кызматташтык комитети “Кыргыз Республикасынын БУУнун Башкы жыйыны (ассамблеясы) 1989-жылдын 15-декабрында кабыл алган өлүм жазасын алып салууга багытталган эл аралык пакттын экинчи факултативдик протоколуна кирүүсү жөнүндө” мыйзам долбоорун карайт. Мыйзам долбоор боюнча Адилет министри Нурлан Турсункулов билдирүү жасайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 1993-жылдан бери өлүм жазасына мораторий жарыяланып келген болчу. 2006-жылы жаңы баш мыйзамдын кабыл алынышы менен өлүм жазасы таптакыр алынып салынган эле. Бирок мындан бир-эки ай мурда айрым бийлик өкүлдөрү өлүм жазасын кайра алып келүү маселесин козгоп чыгышкан. Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Мурат Суталинов мындай демилгени көтөрүп, аны мурдагы коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров колдоп чыккан болчу. Анда укук коргоочулар катуу каршылык кылышып, мындай жетекчилер кызматтан кетиши керектигин талап кылышкан болчу. (IJz)

XS
SM
MD
LG