Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Израиль президенти палестин лидерин бийликтен кетпөөгө үндөдү


Шимон Перес Махмуд Аббасты бийликтен кеткендин ордуна Израиль менен тынчтык жараянын ишке ашырууга чакырды. Жөөт президенти бул тууралуу кечээ Израилдин мурдагы премьер- министри Ицкак Рабин жергиликтүү экстремист тарабынан киши колдуу болгон күндүн он төрт жылдыгын эскерүү учурунда айтты. Миңдеген адамдар алдында сүйлөгөн сөзүндө Перес 1993-жылы Ослодо тынчтык келишимине кол койгондор арасында Рабин менен бирге ал жана Махмуд Аббас да болгонун белгиледи. Аббас Израиль менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандандыруу аракеттери туңгуюкка кептелгенин белгилөө менен дагы бир мөөнөткө Палестин автономиясынын президенти болууга талаптанбай турганын жана келерки жылдын январына белгиленген шайлоого катышпасын бейшемби күнү жарыялаган.

XS
SM
MD
LG