Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Молдовада газ кууру жарылды


Бүгүн жарылуу орун алган куур - Орусиянын газын Балкан чөлкөмүнө Молдова аркылуу жеткирген маанилүү түтүктөрдүн бири. Өлкөнүн чукул кырдаалдар боюнча мекемесинин билдиргенине караганда, Раздельная –Исмаил газ куурундагы жарылуу таңга маал Молдованын Украина менен чек арасына жакын жерде болгон. Кырсыктан соң куурда газ агымы токтоду. Бирок “Молдова газ” улуттук компаниясынын башчысы Александр Гусевдин айтымында, Балкан өлкөлөрүн газ менен камсыздоо үзгүлтүккө учурабайт. Көгүлтүр от башка куурлар аркылуу жөнөтүлмөкчү. “Молдова газдын” башчысы ошондой эле жарылуу жабдуунун эскилиги жеткенден улам болушу мүмкүндүгүн, учурда кырсыктын себептери иликтенип жатканын жана куур бир нече күндүн ичинде оңдолорун кошумчалады.

XS
SM
MD
LG