Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:53

Түркмөнстан укук коргоочуну абактан соң өлкөдөн да чыгарууда


Баш кеңсеси АКШда жайгашкан “Хьюман Райтс Уочт” уюмунун бүгүнкү (8-ноябрдагы) маалыматына караганда, эколог жана адам укугун коргоочу активист Андрей Затока абактан чыгарылды. Мунун алдында ага өткөн айда бир адамга кол салган деген айып менен чектелген беш жылдык түрмө жазасы айыппул менен алмаштырылган эле.
Бирок “Хюман Райтс Уочтун” Европа жана Борбор Азия боюнча директору Холли Картнердин айтымында, жергиликтүү бийликтер орус жана түркмөн атуулдугу бар активистти Түркмөнстандан кетүүгө жана өз батиринин менчик укугунан баш тартууга мажбурлоодо. “Хюман Райтс Уочтун” өкүлү ошондой эле түркмөн бийлиги тарабынан Андрей Затокага тагылган айыпты "ойдон чыгарылган" деп мүнөздөдү. Затоканын өзү болсо түркмөн бийлиги андан түркмөн диссиденттери менен байланышы бардыгынан улам өч алып жатканын билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG