Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Пакистандагы бүгүнкү террактан он чакты киши каза тапты


Өлкөнүн түндүк–батышындагы Пешавар шаарында базарда 8-ноябрда орун алган жардырууну жанкечти жасады деп шектелүүдө. “Ассошиейтед пресс” агенттигинин кабарына караганда, бомба чабуулу Пешавардын Абдази деген районунун акими Абдул Маликке каршы багытталгандай. Ал аким жардыруудан катуу жаракат алды. Соңку апталарда Пакистанда жоочулардын түрдүү жардыруулары менен кол салууларынан улам 300дөн ашуун киши каза тапты. Серепчилердин айтымында, бул - алардын өкмөттүк күчтөр Ооганстанга чектеш Түштүк Вазирстан чөлкөмүндө Талиптер кыймылы менен “ал-Каидага” каршы өткөрүп жаткан аскердик иш-чарасы үчүн өч алуу аракети өңдөнөт.

XS
SM
MD
LG