Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:56

Т.Тургуналиев: Т.Усубалиевди ашкере макташууда


Ушул күндөрү белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 90 жылдыгы белгиленүүдө. Буга чейин Т.Усубалиевдин кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон салымын эске алуу менен анын 90 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча президенттин атайын буйругу менен комиссия түзүлгөн. Мындан тышкары мамлекеттик ишмердин саламаттыгына кам көрүп, президенттин резервдик фондунан 865 миң сом бөлүнгөн. Анын 90-жылдык мааракесине байланыштуу Бишкектеги Опера жана балет театрында өткөн салтанатта президент Курманбек Бакиев ага “Мицубиси Пажеро” маркасындагы унааны белек кылып, азыркы муундагы жетекчилер Т.Усубалиевден өрнөк алуулары керектигин айткан.

Бирок коомчулукта 70 жыл чоң кызматтарда, 23 жыл мамлекет башында турган бул инсандын жасаган иштери анчалык мактоого арзыбай турганын айткандар да бар. Маселен белгилүү саясий жана коомдук ишмер Топчубек Тургуналиевдин айтымында, Т.Усубалиев башкарган жылдары кыргыз улутун, баалуулуктарын ойлогон бир катар жарандар куугунтукталган. Кыргыз тили кодуланып, орусташтыруу саясаты күчөгөн. “Далай жыл Исхак Разаковдун сөөгүн мекенине алып келтирбей турган киши ушул болчу”,- дейт Т.Тургуналиев. Ошондой эле ал бүгүн Т.Усубалиев ашкере макталып атканын, бирок коомчулук ал инсандын тушундагы кейиштүү көрүнүштөрдү да билүүсү керектигин айтат. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG