Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Өзбекстанда оппозиция лидери абактан чыкты


Санжар Умаров


“Күнөстүү Өзбекстан” деген оппозициячыл кыймылдын лидери Санжар Умаровдун абактан чыгышы күтүүсүздөн болду. Умаров түрмөдөн 7-ноябрда чыкканы жана өзүн жакшы сезип жатканы жөнүндө Франс пресс агенттигине жекшемби күнү анын тууганы жана саясий өнөктөшү Нодира Хидоятова кабарлады. Бирок Хидоятова оппозиция лидеринин абактан мөөнөтүнөн мурда чыгуусуна алып келген чечимдин чоо-жайын комментарийлөөдөн баш тартты. Санжар Умаров 2006-жылы кылмыштуу бирикеменин башында турган, бир катар экономикалык кылмыштарды жасаган деген айып менен 10 жылдан ашуун мөөнөткө эркинен ажыратылган. Эми анын абактан чыгышы Евробиримдик өзбек бийликтерине каршы 2005-жылкы Анжиян окуяларынан кийин киргизилген санкциялардын акыркысын жойгондон кийинки учурга туш келди.

XS
SM
MD
LG