Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:46

Кытай Африкага 10 млрд долларлык "укурук салды"


Кытай өкмөтү жекшемби күнү Африкага 10 миллиард доллар жеңилдетилген кредит убада кылды.

Премьер-министр Вэн Цзябао бейшемби күнү Египеттин Шарм эл-Шейх курортунда ачылган Кытай-Африка кызматташуу форумунда сүйлөп, Бээжин Африка континентинин жана элинин “чыныгы жана ишенимдүү досу” экенин да белгилей кетти. Бул форумга 50

Кытайдын премьер-министри Вэн Цзябао.

мамлекеттин ырасмий өкүлдөрү катышууда.

Кытай убада кылган 10 миллиард долларлык жеңилдетилген кредит Африкага үч жылдык көмөктөшүү планына ылайык бөлүнүүдө. Бул суммага кайтарымсыз гранттар да кирет. Жаңы план боюнча, жыл аягына карай Африка өлкөлөрү төлөй албаган карыздар кечилет; Кытай африкалык товарларга дарбазасын кенен ачат; орто жана чакан африкалык ишканаларды каржылоо үчүн 1 миллиард доллар кредит берилет; Кытай Африкага экологияга зыяны аз 100 даана ГЭСти жана желтегирменди да куруп берет.

Бээжин Африкага азык-түлүк коопсуздугуна камсыздоого да жардамдашат. Ал үчүн Африкага адистердин ондогон тобун жөнөтөт, айыл-чарба окуу жайларын куруп, агрономдорду, мал доктурларды, зоотехниктерди, ошондой эле мугалимдерди, дарыгерлерди окутуп берет.

2012-жылга Кытайдан бекер билим алган африкалык студенттердин саны көбөйтүлүп, өз ара маданий алмашуулар кеңейтилет.

Кытай премьери Вэн ишемби күнү Араб Лигасынын Каирдеги баш кеңсесинде болгондо “өз ара кызматташууну кеңейтүү Кытайдын жана Африканын кызыкчылыгына ылайык” деп астейдил эскертти.

Араб Лигасынын башкатчысы Амр Муса(солдо).

Африка. Кибати лагериндеги бозгун балдар. 4-декбарь 2008.

Араб Лигасынын башкатчысы Амр Муса Бээжинге алкыш айтуу менен Кытай жана Араб дүйнөсүнүн максаты бир экенин билдирди:

-Араб дүйнөсү жана Кытай бирдикте туруктуулук, өнүгүү жана тынчтыкка алып барчу калыс эларалык мамиле түзүүнү каалайбыз. Кытай акыркы бир нече жылда укумуштуудай ийгиликтерге жетишти. Бул саясый стабилдүүлүктү, экономикалык гүлдөп-өсүүнү жана кеңири багыттагы өнүгүүнү күбөлөйт.

Вэн Цзябао Мисирдин президенти Хосни Мубарак менен да кездешип, эки жак бир катар экономикалык жана маданий келишимдерге кол коюшту.

Батыштын пикиринче, Кытай ылдам өсүп бараткан отун энергия муктаждыгын камсыздоо үчүн Африкадагы адам укугунун абалына көңүл бурбай жатат.

Вэн Цзябао жекшемби күнү да Кытай Африкага жардамды эч кандай саясый шарты жок бере турганын баса белгиледи:

-Биз Африка мамлекеттери өз проблемаларын өзүнө тийиштүү жол менен жөндөй аларына толук ишенебиз. Кытай-Африка ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу эки жактын пайдасына, ийгилигине жана ачыктыкка негизделген. Кытай өкмөтү Африкага жардамдашып-колдоодо буга чейинкидей эле эч кандай саясый шарт койбойт.

2006-жылы Бээжинде өткөн Кытай-Африка форумунда дагы Бээжин кара континентке 5 миллиард доллар убада кылган.

XS
SM
MD
LG