Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:44

ЖКда өлүм жазасы боюнча мыйзам долбоор каралат


Бүгүн парламенттин Эл аралык жана парламенттер аралык комитети Бириккен Улуттар Уюмунун өлүм жазасын алып салууга байланышкан эл аралык документине Кыргызстандын кирүүсү боюнча мыйзам долбоорду талкуулайт. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын билдиришинче, долбоор боюнча Адилет министри Нурлан Турсункулов баяндама жасайт. Кыргызстанда өлүм жазасына 93-жылы мораторий жарыяланган. 2006-жылы жазанын мындай түрү жаңы баш мыйзам менен алынып салынган. Бирок жакында эле Мамлекеттик коопсуздук кызматтын жетекчиси Мурат Суталинов өлүм жазасын кайра киргизүү керектигин билдирген болчу. Айрым укук коргоочулар бул демилгеге караманча каршы чыгып жатышат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG