Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:15

К. Бакиев Түркия президенти менен жолугушту


Ислам конференция уюмунун Экономикалык саммитине катышуу үчүн Түркияга барган КР президенти К. Бакиев кечээ Стамбулда түрк президенти Абдуллах Гүл менен жолугушту. Жолугушууда тараптар кыргыз-түрк мамлекеттеринин ар тараптуу кызматташтыгы, ар кандай долбоорлорго инвестиция тартуу маселелери тууралуу талкуулашты. КР мамлекет башчысы К. Бакиев Кыргызстанда өлкөнүн экономикасын көтөрүүдө инвестициялардын мааниси чоңдугун белгилеп, бул багытта жаңы түзүлгөн Өнүктүрүү, инновация жана инвестиция агенттиги иш жүргүзөөрүн билдирди.

Түрк президенти КР мамлекет башчысын мындай агенттикти түзгөнүн кубаттады жана аны ИКУнун Экономикалык саммитине катышуу демилгесин колдоду деп билдирет КР президентинин басма сөз кызматы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG