Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:30

К. Жолдошевдин абалы канааттандырарлык


Бул тууралуу белгисиз бирөөлөр сабап кеткен журналист Кубаныч Жолдошев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда бүгүн дагы бир сыйра медициналык иликтөөлөр жүргүзүлөт. Алгачкы иликтөөлөр журналисттин мээси чайкалып, кабыргалары жабыркаганын көрсөткөн. Журналисттин ооруканадан чыгарылары азырынча белгисиз.

Мурда кабарлангандай 1-ноябрь түнү белгисиз бирөөлөр “Ош шамы” басылмасынын кабарчылар түйүнүнүн жетекчиси К. Жолдошевди сабап кетишкен. Бул иш боюнча ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылып, милиция кылмыш ишин козгогон. Азырынча милиция иш жүрүп жатканы тууралуу ачык маалымат берүүдөн баш тартууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG