Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

ЕККУнун байкоочулары президенттик шайлоого акыркы баасын жарыялады


ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу 23-июлда өткөн Кыргызстандагы президенттик шайлоого жүргүзгөн байкоолору боюнча жети бөлүмдөн турган отчет жарыялады.
Отчеттун акырында байкоочулар миссиясы шайлоонун ачык-айкындыгын камсыздоо үчүн кошумча аракеттер керек экендигин белгилеп, мыйзамдын абалы, шайлоо комиссиясынын, маалымат каражаттарынын ишмердиги, шайлоонун саясий өңүтү, улуттук азчылыктын шайлоого катышуусу өңдүү маселелер боюнча сунуштарын берген. ЕККУ Шайлоо Кодексин, Жарандардын эркин чогулуусун кепилдеген мыйзамды ЕККУнун талаптарына жакындатуу, талапкерлердин кызыкчылыгы үчүн топтолгон колдун санын азайтуу, шайлоочунун 50 пайызын катыштырууга, талапкерлердин баарына каршы добуш берүүгө байланышкан жоболорду кайра кароо, добуш берүүдө бармакка белги коюуга кайтып баруу керек деп эсептеген.
Эл аралык байкоочулар административдик ресурстарды алдын алуучу чараларды иштеп чыгууну, мамлекеттик ММКлардын бир жактуу болбошун, президент менен талапкердин милдеттерин айырмалай билүүнү жана ММКлардын шайлоону калыс чагылдыруусун камсыздоочу көз карандысыз орган түзүүнү да сунуш кылган.

ЕККУнун байкоочулары президенттик шайлоодон кийин жарыялаган алгачкы отчетунда 23-июлдагы шайлоо ЕККУнун талаптарына төп өткөн жок деген баасын берген. ЕККУнун байкоочулар миссиясын Родмила Шекерениска жетектеген. (BuS)

XS
SM
MD
LG