Бүгүн Германиядагы иш-чарага миңдеген адамдар менен кошо мурдагы жана азыркы немис лидерлери, бир топ мамлекеттердин башчылары да катышып жатышат. 1989-жылдын 9-ноябрынын түнүндө демократияны жактаган бир нече апталык демонстрациялардан кийин, “кансыз согуштун” символуна айланган Берлин дубалы кулатылган. Бул, өз кезегинде, экиге бөлүнүп калган Германиянын биригишине алып келди.