Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:01

БУУ ооган шайлоосун мыйзамдуу деп тапты


Бир добуштан кабыл алынган резолюцияда 192 өлкө кирген БУУнун ассамблеясы, ошондой эле кайра шайланган президент Хамид Карзайды мыйзамдарды бекемдеп, коррупция менен күрөшүүгө жана акыйкаттык системасын реформалоону тездетүүгө чакырды. Шайлоодо көп сандаган мыйзам бузуулар катталып, Карзайдын башкы атаандашы кайра шайлоого катышуудан баш тарткан эле. Бул - экинчи мөөнөткө шайланды деп жарыяланган Карзайдын беделине шек келтирген. Бирок БУУнун ассамблеясы Карзайдын мандаты жана анын Ооганстанды башкарууну улантуу укугу тууралуу күмөн саноо билдирген жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG