Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Бүгүн Петровка жаңжалы боюнча сот уланат


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Жашылдар” партиясынын өкүлү Наргиза Абдылдаева билдирди. 5-ноябрдагы сот процессинде милиция кызматкери мурунку айткандарынан баш тартып, Эркин Бөлөкбаев, Сапар Аргынбаев жана Уран Рыскуловдун тополоңго тиешеси бар деген көрсөтмө бергенин маалымдады. Айыпталып жаткандардын жактоочулары мындай көрсөтмө коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнүн кысымынын негизинде болду деп айтып чыгышты. Коопсуздук кызматы болсо бул айыптоолорду четке кагууда. Ушул жылдын апрель айында Петровкада күрт улутундагы жигит кичинекей орус кызды зордуктады деп жаалданган жергиликтүү тургундар айылдан күрттөрдүн көчүп кетишин талап кылышкан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG