Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:20

Үй-жайсыз адамдар үчүн Бишкекте башпаанек ачылды


Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты. Үй-жайсыз адамдар үчүн Бишкектеги биринчи ачылган башпаанек Ленин районунан орун алды. Ю.Фучик атындагы сейил багында жайгашкан маданият үйүндөгү мурунку бильярд клубуна үй жайы жок алты адам кирип жашап жатышат. Эл арасында “БОМЖ” деп аталган бул адамдар үчүн атайын борбор ачуу 200 миң сомго турган. Кычыраган кышта үйсүздөр жылуу төшөк-жууркан менен камсыздалып, алар үчүн күнүнө бир маал ысык тамак уюштурулуп турмай болду. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG