Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

Алматы - Бишкек жолунда эки автобус кагышты


КАЗИНФОРМ агенттиги билдиргендей, Алматы обулусундагы жолдун 43-чакырымында эки автобус кагышып, 6 адам ооруканага жеткирилген. Жол кырсыгы дүйшөмбү күнү эртең мененки саат сегиздерде болгон. Эки автобус тең жүргүнчүлөр ташыган унаалар экени, бирок ошол маалда автоунаада адамдар аз санда болгону кабарланып жатат. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги азырынча бул окуя боюнча маалымат бере элек. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG