Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:47

Москва обулусунда дагы бир кыргызды өлтүрүп кетишти


5-ноябрда Москва обулусундагы Раменское шаарынын чет жакасындагы токойдо милиция кызматкерлери 40-42 жаштагы азиат улутундагы адамдын сөөгүн табышкан. Ур-токмоктон каза тапкан маркумдун чөнтөгүнөн анын аты жөнүн тастыктаган паспорту да табылып, ал 1969-жылы туулган Кубанычбек Таджибаев экени белгилүү болду. Орусияга эмгек мигранты болуп кеткен түбү баткендик бул кыргыз жараны 1-ноябрда үйүнөн чыккан тейден кайрылып келген эмес. Туугандары аны издөө боюнча Орусиядагы кыргыз элчилигине кайрылышкан. Учурда Таджибаев өлүмү боюнча шектүү делген эки орус жараны кармалып, Раменское шаардык прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG