Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:42

Кризиске каршы Борбор Азиядагы күрөш талкууланат


12-13-ноябрь күндөрү Бишкекте кризиске каршы Борбор Азиядагы күрөш талкууланат. Бул тууралуу Улуттар уюмунун жаңылыктар борбору билдирет. Талкуу БУУнун Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалары үчүн атайын программасынын төртүнчү сессиясынын алкагында өтүп, анда кризистин БА өлкөлөрүнө тийгизген таасири сөзгө алынат. Сессия катышуучулары аймактык кызматташтыкты бекемдөө менен кризис шарттаган экономикалык соккуларды жеңилинен өткөрүү жолдорун да карашат.(EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG