Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:55

Жаштар сыйлыгы бүгүн ыйгарылбайт


Ч.Айтматов атындагы өкмөттүн жаштар үчүн сыйлыгы бүгүн, 10-ноябрь жаштар күнүндө ыйгарылбай калды. Сыйлык тапшыруу аземи качан өтөөрү да азырынча белгисиз. Бул тууралуу Эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция министрлиги алдындагы жаштар департаментинен билдиришти. Мамлекеттик жаштар сыйлыгын тапшыруу аземи бүгүн Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп, адабиятта, журналистикада, илимде, спортто жана башка тармактарда ийгиликтерге жетишкен жаштарга акчалай сыйлыктар берилээри буга чейин кабарланган эле. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG